Цирконий (лат Zirconium), 40 Zr[Kr]4d 25s2 91,22 ― Д. И. Менделеев мезгилдик тутумунун IVВ группа элементи, к.н. 40, ат. м. 91,22. 5 изотобу – Zr90 (51,46%), Zr91(11,23%), Zr92(17,11%), Zr94(17,40%), Zr96(2,80%) бар. Жасалма алынган изотоптору Zr 93 (T1/2 = 1,1 ×106 ) Zr95 ( T1/2 =65 ) радиоактивд?? индикаторлор катарында колдонулат. Ц. 1789-ж . М.Г. Клапрот тарабынан ачылган. Ц. деген аты арабдын ?асыл таш? деген с?зд?р?н?н келип чыккан. Ц. минералдары кымбат баалуу таштар катарында пайдаланылган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 2 ×10-2% т?з?т. Жаратылышта циркон, бадделеит, эвдиалит жана эвколит минералдары таралган. Байыркы кендери Индостан, АКШ, Австралия, Швецияда кездешет. Ц. к?м?шт?й жалтырак, ийилгич, же?ил иштетил??ч? металл. Анын эки модификациясы бар: т?м?нк? темп-рада туруктуу a-Zr гексагоналдык торчолуу кристаллдар жана жогорку темп-рада туруктуу b-Zr кубдук торчолуу кристаллдар. a - Zr тыгызд. 6,45 г/см3 (200); ат. радиусу 1,60; иондук радиусу Zr4+ =0,82; балкып эр?? температурасы 1852 0C; кайн. температурасы 35800C. Ц. падыша арагында, ысык конц. к?к?рт, плавик кислоталарында гана эрийт. Бирикмелеринде Ц. 4 валентт??. Абада оксиддик катмар менен капталат. Кычкылтек менен аракеттениши 2000С жогорку темп-рада башталат, бирок майда к?к?мд?р? кадимки темп-рада Ц. диоксидин пайда кылуу менен жалындап к?й?п кетиши м?мк?н. Галогендер менен ZrГ4 сыяктуу галогенидди, суутек менен гидиридди (Zr2H, ZrH2, ZrH ж.б.), азот менен нитрид ZrN, к?м?ртек менен карбид ZrC жана башка пайда кылат. Ц. туздары гидролизденет да, гидратташкан кош оксидин ZrO2×H2O пайда кылат. Цирконий оксихлориди гидраты ZrOCl×8H2O т?сс?з тетрагоналдуу кристаллдар. Сууда жакшы эрийт, улам концентрациясы к?б?йг?н сайын комплекстик иондор ZrOCl3-, ZrCl5-, ZrCl62- пайда болуп, эригичтиги т?м?нд?йт. Ц. сульфаты Zr(SO4)2×4H2O кош туздарды пайда кылат. ?нд?р?шт? Ц. циркон менен бадделеит минералынан алынат. Ядролук энергетикада конструкциялык материал, металлургияда легирл??ч? металл катары жана керамика, эмаль, айнектин ?зг?ч? сортторун алууда колдонулат. Ц. коррозияга ?т? туруктуулугу аны нейрохирургияда колдонууга м?мк?нд?к берет. Ц. куймаларынан хирургиялык аспаптар, мээге операция жасоодо пайдаланылуучу жиптер, кан токтотуучу кыпчыткыч жасалат.